Ош шаарында оор жүк ташуучу автоунаалардын айдоочулары бүгүн, 18-октябрда Транспорт жана коммуникация министрлигинин ишине нааразычылык билдирип маалымат жыйын өткөрүштү. “Айдоочу” коомдук бирикмесинин өкүлү Надыр Токторовдун айтымында, жүктүн салмагын нормадан ашырбоо боюнча 2009-жылы чыгарылган токтом ишке ашпай жатат. Бул токтомдо өлкөгө кирген унаалардагы жүктүн салмагы 48,5 тоннадан ашпашы керек экендиги жазылган. “Кыргыз-кытай чек арасындагы "Эркечтам" өткөрүү бекетинде тараза иштейт. Бирок ал жерден 500 метр аралыктан кийин жүгүбүздү Транспорт жана коммуникация министрлиги да текшерет. Мыйзамсыз акча өндүрүү үчүн ар түрдүү нерсени ойлоп табышууда. Биздин талап - министрлик койгон таразаны алып салуу",- дейт Токторов.