Бүгүн, 22-апрель күнү таңкы саат 04:32де Жалал-Абад облусунда очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Сейсмология институтунан билдиришти.
"Жер титирөөнүн очогу Үч-Булак айылынан 7 чакырым түндүк-батыш, Тоскол айылынан 9 чакырым түндүк чыгыш, Жалал-Абад шаарынан 38 чакырым түндүк чыгыш тарапта жайгашкан. Калктуу конуштарда жер титирөөнүн күчү Үч-Булак жана Тоскол айылдарында 2 жарым баллга чейин сезилди", - деп жазылат билдирүүдө.