Биз социалдык тармакта

"ЭЛДИК КАБАРга жооп": "Бишкек-Ош унаа жолундагы чуңкурлар аба ырайынын оңолушу менен дароо жамалат" дешти тийиштүү мекемеден

SUPER.KG порталынын "ЭЛДИК КАБАР" бөлүмүнө окурман кайрылды. Анда ал Бишкек-Ош унаа жолунун абалы өтө начар экенин айтып, чуңкурлар адамдарга казып койгон "кабыр" сыяктуу..." деген эле.

Бул боюнча Транспорт жана жолдор министрлигинин алдындагы Жол чарба департаментине кайрылганыбызда, аталган мекеменин кызматкерлери төмөнкүлөрдү билдиришти.

"Бул жолдо азыркы учурда чуңкурларды жамоо жумуштары аткарылууда. Аба ырайынын бузулушу менен чуңкурлардын кээ бирлери жабылбай калган, аба ырайынын оңолушу менен дароо жамалат. Ал эми белги боюнча, ар бир чуңкурга белги коюлбайт жана 500-1000 метр аралык деп жумуш башталган тилкеге чейин белги коюлат, аны көрбөй калышкан окшойт", - дешти аталган мекемеден.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
munduz2016
2021-04-22 17:04:56
Жамала турган көчөлөр коооооооп))))
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан