Бүгүн, 22-апрелде Жогорку Соттун судьялары Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун төрайымын жана анын орун басарын шайлашты. Бул тууралуу Жогорку Соттон билдиришти.
Судьялар бир добуштан буга чейин төрайымдын орун басары болуп келген Нургүл Бакированын талапкерлигин төрага кызматына колдошту.
Ал эми Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун төрагасынын орун басарлыгына судья Качыке Эсенканов шайланды.