Тышкы иштер министри Япониянын элчиси менен жолугушту

Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Япониянын Кыргыз өлкөсүндөгү элчиси Сигэки Маэда, Япониянын эл аралык Кызматташтык агенттигинин (JICA) Кыргыз өлкөсүндөгү туруктуу өкүлү Немото Наоюки жана Кыргыз өлкөсүндө иш жүргүзгөн япон компанияларынын өкүлдөрү менен жолугушуп, эки тараптуу кызматташуу маселелерин талкуулады. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматынан билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Казакбаев япон тарапка Кыргыз өлкөсүндөгү ички саясий жана экономикалык кырдаал жөнүндө айтып берди. Ошондой эле тышкы саясаттын, анын ичинде Япония менен өнөктөштүк кызматташууну өнүктүрүүнүн негизги багыттары өзгөрүлбөй тургандыгын белгиледи. Эки тараптуу мамилелерди, инвестициялык кызматташуу жаатындагы өз ара аракеттенүүнү мындан ары тереңдетүүнүн маанилүүлүгү айтылды.
Министр Япониянын эл аралык кызматташтык агенттигинин өлкөдөгү ишке ашырылып жаткан ийгиликтүү долбоорлорунун бири "Бир айыл - бир продукт" долбоору экендигин билдирди.
Кыргыз өлкөсүндө бизнес жүргүзүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында президент Садыр Жапаровдун "Менчикти коргоо жана ишкерлерди жана инвесторлорду колдоо жөнүндө" жарлыгы боюнча маалымат берилди.
Элчи Сигэки Маэда соода, инвестиция тартуу, медицинаны, айыл чарбасын жана IT индустриясын өнүктүрүү жаатындагы маселелерге токтолуп, экономикалык дипломатия боюнча презентация жасады.
JICA'нын өкүлү Немото Наоюки кызматташуунун негизги багыттары менен программаларына токтолду. Анын айтымында, алардын негизги саясаты – Кыргыз Республикасында туруктуу жана тең салмактуу экономикалык өсүштү колдоо болуп саналат.
Ошондой эле Япониянын бизнес коомчулугунун өкүлдөрү менен конструктивдүү диалогу болуп, анын жүрүшүндө инвестицияларды тартуу, Кыргыз өлкөсүнүн айыл чарба продукциясын Японияга жайылтуу, IT-технологияларын өнүктүрүү, Кыргыз жарандарын Японияда жумушка орноштуруу, эки тараптуу келишимдерди түзүү, бизнес жүргүзүү үчүн жагымдуу жана жеңилдетилген шарттарды түзүү маселелери талкууланды.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан