Биз социалдык тармакта

"0.77 сомдук тариф дүйнөдө жок". Энергетика министри электр энергиясына болгон тарифти коңшу өлкөлөр менен салыштырды

Бүгүн, 22-апрелде энергетика тармагын реформалоо маселелери жана электр энергиясына сунушталган жаңы тариф боюнча энергетика жана өнөр жай министри Кубанычбек Турдубаев маалымат жыйын берүүдө.

Анда министр өлкөдө электр энергиясына болгон 0.77 сомдук тариф дүйнө жүзүндө жок экендигин айтты.

"0.77 сомдук тариф дүйнөдө жок. Казакстанда дагы, Өзбекстанда дагы электр энергиясына болгон баа жогору. Ал эми Тажикстанда электр энергиясына болгон баа аябай эле жогору. Биз бир нерсени өзгөртпөй, эч нерсе болбогондой, мурункудай эле жашай берсек оор акыбалга келебиз", - деди Турдубаев.

Эске салсак, кечээ, 20-апрелде өлкө башчы Садыр Жапаров электр энергиясына болгон жаңы бааны сунуштаган. Анын сунушу көпчүлүк интернет колдонуучулары тарабынан талкууга алынып, нааразычылык жараткан.

"Биздегидей тариф дүйнөдө жок" дейт энергетика министри
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
Tyty1990
2021-04-22 10:57:25
Көк мээлер казактардын жашоосу менен биздин жашоону салыштырбагыла. Бизчелеп тентиген казакты көрдүңөрбү?
+9
bond02
2021-04-22 10:58:27
За то аларда суу биздегидей коп эмес.
+6
heaven2016
2021-04-22 11:08:00
Садырчылар эмне болдунар? Барсынарбы
+5
assanov97
2021-04-22 12:08:58
Айлыктарды дагы салыштырсын бул гокме
+4
make2
2021-04-22 12:15:27
Айлык пенсияны салыштырсан, бирчи айлык песияны которгуло эки эсе, Бакиев кеткенден бери эч ким которобуз деген эмес, фанаттар кайда ким корду?
+4
Sambet08
2021-04-22 12:19:19
Биздин чиновниктердей жеп жутарлар элдин акчасына коз арткан чондор да жок дуйнодо, кыйратып койгонсуп тим эле дуйнодо жок дешет энендурайндар
+4
Nursul
2021-04-22 13:20:27
Танынар калдыбы бети жоктор Анда дүйнөдө жок деп кымбат бааны коюп көтөргүлө дагы.
+2
JaneEr
2021-04-22 13:48:11
Зато 2000-5000 айлык эч олкодо жок...Уйлор,чектер кымбат,квартплат кымбат...Жашоо кымбат...
+3
Real_mir
2021-04-23 08:29:24
Андай баа эч жерде жок,мындай мээси барларда эч жерде жок болсо керек.чиновниктер бир тыйын толобойт бизнес жайларында аларды Ким карайт?
+1
ere
2021-04-23 10:00:39
айлык акыны 30-40 мин кылып койгонсуп светти которуп коншу мамлекеттрген салыштырат елкилер
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан