Биз социалдык тармакта

Садыр Жапаров 2020-жылы: "30 жыл чыдадыңар, бир кыш чыдап койгула. Электр энергиясына болгон чектөөнү сөзсүз алабыз"

20-апрелде өлкө башчы Садыр Жапаров электр энергиясына болгон жаңы бааны сунуштаган. Анын сунушу көпчүлүк интернет колдонуучулары тарабынан талкууга алынып, нааразычылык жараткан.

Өлкө башчы Садыр Жапаров былтыр, 2020-жылдын ноябрь айында президенттин милдетин убактылуу аткарып жаткан кезиндеги Нарын облусуна болгон иш сапарынын алкагында, электр энергиясы боюнча айткан сөзү учурда интернет айдыңында кызуу талкууга алынууда.

Анда президент: "Электр энергиясына болгон чектөөнү жаздан баштап алып салсак болот экен. Азыр деле алсак болот эле, бирок эл деген эл. Чектөөнү алды дегенден кийин эл көмүрдү таштап салып, бардыгы электр энергиясына өтүп кетет. Анда трансформаторлор атылып, эски линиялардын баары күйүп кетет экен. Мен он чакты адис менен кеңештим.

30 жыл чыдадыңар, эми бир кыш чыдап койгула. Май айына чейин чыдагыла андан кийин чектөөнү сөзсүз алабыз. Баасы бүгүнкү төлөп жаткан 0.77 тыйын боюнча эле калат", - деген.

Ал эми бүгүн, 22-апрелде энергетика жана өнөр жай министри Кубанычбек Турдубаев жаңы сунушталган тариф боюнча маалымат жыйын берди.

Садыр Жапаровдун былтыр айткан сөзү кызуу талкууда
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (19)
Dembele84
2021-04-22 14:27:42
Сабатсыз экенин,созуно турбаган адам экенин дагы далилдеди!
+16
chyrok
2021-04-22 14:47:55
Эл ишенди эле,мен президент болсом жыргатам деп атчу эле,жыргатпай эле куратты.Эмне деген кымбатчылык.Эл башкарган киши да ушинтип ойлонбой суйлойбу.Жигиттин созу олгончо,озу олсун дейт.Бизге жыргаткан деле президент келбейт окшойт
+13
Kuban-1207
2021-04-22 14:54:41
Мисалы чоң байлар ишканасы барлар төлөшпөйт Мен көрүп эле жүрөм го.
+14
Kanybekov94
2021-04-22 15:40:31
Kuban-1207,туура ал аз келгенсип кытайлар дагы майнинг ферма иштетишет светке толобой
+9
bond02
2021-04-22 15:02:03
Садыр президенттикти тапшырып берип, фармацевт эле болуп кетиш керек экен.
+11
Real98
2021-04-22 15:04:08
Айта берет, сөзүнөн кайта берет... Садыр дегендер кайдасыңар?!
+10
Isk..
2021-04-22 15:08:30
садыр деп урушкандар кайдаа
+7
zam81
2021-04-22 15:17:43
100% ишенген элек олтурдуго ишенимди
+8
JaneEr
2021-04-22 15:35:21
Баягы эле колунда жокторго,жумушу жокторго кыйын...
+10
Elaman0693
2021-04-22 15:55:05
Умутсуз бир гана шайтан!!!
-8
ahun72
2021-04-22 16:03:31
Баягы эле Бакиевдин учурундагыдай бүт нерсе кымбаттайт экен да эми. Камуналныйлар дагы.
0
bond02
2021-04-22 16:33:58
ahun72,Бакиевдин убагында азыркыга салыштырмалуу эмне кымбат эле, айтчы?
+4
Aimani
2021-04-22 16:50:43
bond02,Бакиев светти 1,50тыйын кылганда Эл которулгон.апреллен баштап.коммунальный,отопление баары эки эсе которулгон.августтан баштап свет 3 сом болот деген болчу.анан элдер каршы чыгып аягы революция болуп кеткен
+5
bond02
2021-04-22 17:52:48
Aimani,ун, май башка продуктылар жонундо да айтпайсынбы.
+1
nurik73
2021-04-22 16:08:48
Жапаровго аябай ишендим эле. Ишеничти актай алган жок. Создун кыскасы жанылыппыз колдоп. Убагында каршы чыккандардан кечирим сурайм.
+12
modem4999
2021-04-22 16:20:58
nurik73,даканса турам дедин беле,кечирдик молодец !
+5
Aybiyke
2021-04-22 18:16:19
nurik73,азыр болсо да тушунгонун жакшы садыр дегендер дагы деле бар бирок кеч тушунуп атпайбы
+6
Shakek
2021-04-23 00:44:32
Бийликке келип Ак үйгө кирип алганга чейин укмуш жомок уккан экенбиз шордуу элим
Досторум бул Садыр лапша илип жатат десе жаман көрдүм эле
+2
oopapa
2021-04-23 08:00:23
Ири долбоорлор кайда кетип калды? Кемпир абадты Озбекстанга бердинер 20 тез жардам унаа учун. Кемпир абад Кыргызстандын журогу эсептелет. Эмне болсо эле отуз жыл чыдадынар деген туура эмес. Чек ара чечилди дегенинерди да кордук.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан