ПОЭТЕРАПИЯ: "Себебин билбейт жүрөк жактыруунун, Мен сизди сүйгөн үчүн бактылуумун..."

SUPER.KG порталынын "Поэтерапия" рубрикасында бул жолу жаш акын Турсунай Калмурат кызы ырлары тууралуу айтып берди.

Турсунай Калмурат кызы 1997-жылы Ош облусунун Алай районуна караштуу Талды-Суу айылында төрөлгөн. 2014-жылы Чүй облусунун Жайыл районуна караштуу Полтавка орто мектебин аяктап, 2018-жылы БГУнун журналистика жана маалыматтар системасы факультетин, 2020-жылы Орусия Федерациясындагы Урал Федералдык университетинен магистратурасын аяктаган. “Ыйык Ата Журт” коомдук жаштар фондунун эки жолку стипендианты, Аскар Салымбековдун “Прогрессивдүү Демилгелер” фондунун “Намыс” стипендиясынын жана Кыргыз Республикасынын ЖОЖдор арасында өткөрүлгөн “Мыкты студент” сынагынын лауреаты. Кыргыз өлкөсүнүн Маданият, маалымат жана спорт министрлигинин “Ардак громатасынын” ээси. Кыргызпатенттин колдоосу менен чыгарылган “Бийигим” аттуу ырлар жыйнагынын автору.

Гүл тартып кетиңиз махабаттан...

Себебин билбейт жүрөк жактыруунун,
Сезими баш ийбеген ал учурдун.
Мелмилдеп, көзү ачылган жаш булактай,
Мен сизди сүйгөн үчүн бактылуумун.

Сүйүүгө барбы, жокпу убактыңыз,
Сүйлөшүп багыт ойду уланттыңыз.
Ажайып кооздугундай айтып бүтпөс,
Алайдын тоолорундай кучагыңыз.

Күн болуп, күндө чыгып, ээлигиппиз,
Муз болуп, түбү акыр эридик биз.
Гүл тартат, жүзүмө от махабаттан,
Бир ирет жакындаса эриниңиз...

Себебин билбейт жүрөк жактыруунун,
Мен сизди сүйгөн үчүн бактылуумун...

- Бул ырды көп учурда баш кошкон жандардын интернетке жүктөгөн сүрөттөрүнөн, ал эми жаш кыздардын статустарынан көрүп калам. Негизи ыр деле кийим сыяктуу экен. Ар бир куракта жазылган ыр, ошол куракка келген окурмандардын сүймөнчүлүгүнө айланып кала берет тура. "Мен сизди сүйгөн үчүн бактылуумун" ыр саптары 2016-жылы кыш айларында жазылган. Бишкектен Ошко жөн эле келип, Оштон Алайга барып, Алайда бир түн түнөп эле кайра эртеси келе жатып, башкача бир оргуштаган бактылуу сезимдер менен жазгам. Себеби айланада бир гана ак кар жамынган тоолор жана анын кучагында акын кыз сырдашкан керемет учур эле. Эң кызыгы ырларымдын ичинен бир эле ушул ырды жатка билем.

Узактагы тоолорду ойготкула

Тагдыр сенин карабайт тар түзүңү,
Талкаласа талкалайт жаз-күзүңү.
Жашоо кантип уланып бара жатат,
Жакшы адамдар чын эле бар үчүнбү?...

Жыртык көйнөк кийгенди ким дейт элең,
Ошондо эле көңүлгө илбейт белең.
Ак жарыктын артынан күн чыгарын,
Адамзатым ал кезде билбейт элең...

Азыр эми ырларга жакындадың,
Эки саптын билгендей кадыр-баркын.
Күйпөлөктөп ошондо жеткире албай,
Күйүп гана кетишкен акындарым...

Кыргыз деген кыргызды ойлойт тура,
Кыйналса да кыйналып колдойт тура.
Ушунчалык бүгүлүп баратсаңар,
Узактагы тоолорду ойготкула...

Ушунчалык дем жетпей бара жатса,
Уктап жаткан тоолорду ойготкула...

- Пандемия учуру баарыбызга материалдык да, моралдык да жактан чоң сокку урду. Дал ошол учурда мен да диссертациялык ишимди күнү-түнү көз ирмебей жазып отуруп же сыртка чыга албай же илимий жетекчиме жолуга албай жатаканада жан дүйнөм бир топ эле түшүнүксүз абалга кептелген. Айрыкча алп таланттарыбыздан удаа-удаа айрылган мүнөттөрдө, алар менен аз да болсо чыгармачылык жактан байланышыбыз бар эле. Алыста мындай жагдайларды эч ким менен да бөлүшө албайсың, бир гана ыр менен сырдашып жеңилдедим окшойт, дал ошол 2020-жылдын жаз айларында жазылган чыгарма.

Музамдын кайрыктары

Жалбырак түшкөнү бөлөк-бөлөк,
Жаткансыйм сүйүүңө көлөкөлөп.
Ар кечте ойлорум даярданып,
Ар таңда калышат сага жөнөп.

А жамгыр эшикте төгөт-төгөт,
Арзууңду алтыным айтып жөнөт.
Дүнүйөм бактылуу сезет өзүн,
Башымды алганда сага жөлөп.

Ал кечти албайбыз кайрып дагы,
Ак барак четинен айрып дагы.
Керемет сен болуп жүрсөң керек,
Келечек музамдын кайрыктары.

Жаңы ай, жаңы күн кайрыл дагы,
Жаз. Жай. Кыш. Күзүмдүн кайрыктары.

- Байкашымча, көбүнесе лирикалык чыгармаларга басым жасайт экем. Эми атайылап жазышым керек, тигинтишим керек деп отуруп алган учурум болгон эмес, тынчтыкта керемет бир учурда келген эргүүнү убагында ыр кайрыкка айлантып алуу ар бир акын үчүн, калемгер үчүн абдан чоң бакыт болуш керек деп ойлойм. Ушул ырга алтайлык ырчы Ирина Кензина обон жаратып, Нурзат Айдаркулова деген эжебиз жөн гана кыңылдап ырдап берген эле, эмнегедир ушунчалык жаккан. Дал ошондогу сезимдерге, жазгы жамгырга көйнөк кийгизген өңдүү. Балким, учуру келсе ийине келтирип иштеп чыгышат. Андан сырткары Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти, композитор, ырчы Жамиля Муратова эжебиз да бир кыйла ырларыма обон жаратып, иштешип келебиз.

Аялга...

Аял көрдүм күлкүсү ичтен жоголгон,
Аяр сезим күтөт бийик тоолордон.
Жоодураган көздөрү да чарчаптыр,
Жоолугунун ичиндеги ойлордон...

Аял көрдүм ичтен өзүн жеп салган,
Ошентсе да бакытынан кеп салган.
Мээрим төгүп жубатса да дүйнөнү,
Тагдыр ага "сен аялсың" деп салган!

Аял көрдүм ийилсе да сынбаган,
"Аялсың" деп иште кээлер сындаган.
Аяп кетем, аруу назик дүйнөсүн,
Аялга бул күндөр азыр чын арман...

Тамырынан дагы тамыр үзө алган,
Тагдыр менен тең жарышып сүзө алган.
Күйүтүнөн жасап алат эркиндик,
Күчтүү аялга деле кээде күз арман...

Бүркөлсө да күндүн нуру ыраакта,
Билик күйүп бүтсө дагы чыракта.
Билгин аял, бул дүйнөнүн жарыгы,
Бир тамчы көз жашын дагы кулатпа!

Аял көрдүм күлкүсү ичтен жоголгон,
Аяр сезим күтөт бийик тоолордон.
Жоодураган көздөрү да чарчаптыр,
Жоолугунун ичиндеги ойлордон...

- Азыркы коомубузда болуп жаткан социалдык көйгөйлөрдүн ичинен айрыкча кыз-келиндерге болгон зордук-зомбулук, ийгиликке жеткен айымдардын артынан курулай ушак-айың мына ушундай актуалдуу темаларда кээде айтканга сөз таппай конфликт жараткан учурлар абдан көп кездешет. Менин оюмча акын адамзаттын жан дүйнөсү менен коомдук көрүнүштөргө түздөн-түз көпүрө болушу керек. Бул ыр абдан көп убакыт аралыгында жазылды. Екатеринбургда окууда жүргөндө Жогорку Кеңешке практикага барып калдым, ошондогу депутат айым айылдарды кыдырып, эл менен анын ичинде нукура кымыз жыттанган кыргыз айымдары менен жолугушуп, алардын көйгөйлөрүн укканда жан дүйнөмдө жашыл жоолугун чечип салса эле ошол ойлордон кутулуп кетчүдөй элес калтыра берди.

Кийинчерээк кайра аркага окууга келип, бул жактагы мигрант айымдарыбыздын таасири ушул ырды кайра иштеп чыгууга түрттү. Бул ыр ар кандай вариантта болуп отуруп, акыры миграцияда өзгөчө орду бар, “ушактан ишке, интригадан идеяга” деген эжебизде бир аз жан дүйнөсүндө бурулуш боло түштү, ошол учурда бир отуруп, жазылган чыгарма. Кээ бир жаштардын китеп окууга, маданиятка жакындыгы жүрөк жылытат. А бирок мунун баары биз үчүн чек эмес!

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан