Бүгүн, 22-апрелге карата Токтогул суу сактагычында суунун агып киргени кыйла көбөйдү. Бул тууралуу "Электр станциялары" ачык акционердик коомунун басма сөз кызматынан билдиришти.
"Бүгүн, 22-апрелге карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 8 миллиард 644 миллион метр кубду түздү. Суунун орточо күндүк агып кириши секундасына 463 метр куб, агып чыгышы 371 метр кубду түзүүдө", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.
Кечээ, 21-апрелде суу сактагычта 8 миллиард 636 миллион метр куб суу бар болчу.