Биз социалдык тармакта

Бишкекте жаан-чачын жаабайт. 23-апрелге карата аба ырайы

Эртең, 23-апрелде түнкүсүн Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда жамгыр аралаш кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти.

Түндө Чүй, Талас жана Ысык-Көл дубандарынын дыйканчылык аймактарында -2...-3 градус үшүк жүрөт. Күндүз эч жерде жаан-чачын болбойт.

Абанын температурасы:

Чүй жана Талас облустарында түнкүсүн +1...+6, күндүз +10...+15,

Баткен, Жалал-Абад, Ош дубандарында түнкүсүн +3...+8, күндүз +16...+21,

Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн +1...+6, күндүз +6...+11,

Нарын облусунда түнкүсүн -1...-6, күндүз +6...+11,

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -12...-17, күндүз -1...-6 градус.

Бишкек шаарында түнкүсүн 0...+2, күндүз +13...+15 градус болот. Жаан-чачын болбойт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан