Кечээ, 20-апрелде өлкө башчы Садыр Жапаров электр энергиясына болгон жаңы бааны сунуштаган. Социалдык тармактын айрым колдонуучулары бул сунушту талкууга алып, сындашкан. Бүгүн болсо энергетика жана өнөр жай министри Кубанычбек Турдубаев маалымат жыйын берип, өлкөдө электр энергиясына болгон 0.77 сомдук тариф дүйнө жүзүндө жок экендигин айтты. Ошону менен катар эле электр энергиясына болгон маселе өтө оор экенин белгиледи.
Мындан улам SUPER.KG порталы "Өлкө башчы Садыр Жапаров электр энергиясына болгон жаңы тарифти сунуштады. Бул боюнча сиздин көз карашыңыз кандай?" деген собол салды.
Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев президент Садыр Жапаровдун элге берген убадасын эске салды.
"Электр энергиясына болгон тарифти эки эсе көтөрүү сунушталганы менен айлык маяналар өскөн жок, жумушсуздук күчөп жатат. Азык-түлүктүн баасы көтөрүлүүдө. Бул туура эмес. Бир жагынан айтсам, энергетика тармагында реформалар болушу керек. Мисалы, бизде техникалык жоготуулар 13 пайыз деп отчёт берип жатышат. Эл аралык стандарттарга ылайык, техникалык жоготуулар 5-6 гана пайызды түзөт. Демек калган 7 пайыз электр энергиясы уурдалып жатат да.
Тарифтерди көрсөткөндө так анализ менен көрсөтүш керек. Мисалы алар кантип тарифти санашкан? Эмне үчүн 1 сом 48 тыйын? Мүмкүн чындап эле бааны көтөрүш керек, бирок аз-аздан кошуп отуруп белгилүү бир суммага жеткирсе болмок. Мисалы, 2022-жылдан баштап тарифтерди көтөрүп баштаса жарашат эле. Азыр пандемия шартында баалар дароо эки эсе көтөрүлсө элге кыйын болуп калат.
Дагы бир нерсени эскерте кетейин, Садыр Жапаров президенттикке талапкерлигин коюп, үгүт иштери менен жүргөндө электр энергиясына болгон бааны көтөрбөйм деп элге убада берген эле", - деди Бекешев.