Бишкек шаарында 24-25-апрелде кезектеги айыл чарба жарманкеси өтөт. Бул тууралуу шаардык мэриянын маалымат кызматынан билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, айыл чарба жарманкеси саат 10:00дө башталып, төмөнкү даректерде өтөт:
• Раззаков көчөсү, Токтогул жана Киев көчөлөрүнүн кесилиши;
• №12 кичи районундагы Нуркамал Жетикашаева жана А.Токомбаев атындагы көчөлөрдүн кесилишинде.
• Т.Айтматов менен Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинде.
Эске салсак, жарманке Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги жана шаардык муниципалитет тарабынан уюштурулуп жатат.