Биз социалдык тармакта

Борбор калаадагы билим берүү мекемелерин оңдоо иштерине тендер жарыяланды

Капиталдык курулуш департаменти тарабынан билим берүү мекемелериндеги оңдоо иштерине тендер жарыяланат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, борбор калаанын мэриясынын 2021-жылга койгон планына ылайык, мектептер менен бала бакчалар иретке келтирилүүдө.

"№54, №69 жана №36 мектептеринин чатырын алмаштырып, №5 бала бакчанын балдар аянтчасын жаңыртууну пландап жатабыз. Оңдоо иштеринин баштапкы жалпы наркы болжол менен 5 миллион 600 миң сомду түзөт, каражат шаардык бюджетте каралган.

Ошондой эле Капиталдык курулуш башкармалыгы "Газ шаарчасындагы" "Сетун" бала бакчасын долбоорлоо жана изилдөө иштерин жүргүзүүгө тендер жарыялайт", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан