Бүгүн, 22-апрелде Ош шаарында 11-апрелде өткөн жергиликтүү жана шаардык кеңештин депутаттарын шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгондор митинг өткөрүштү. Алар шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылышкан.
Митингге чыккандардын айтымында, Ош шаарында шайлоо добуш сатып алуу жана мыйзамды одоно бузуу менен өткөн.
"Орозо айында тынч эле үйдө отуралы дегенбиз. Тилекке каршы, ичибиздеги сезимибиз үйдө отургузбады. Таза эмес өткөн шайлоо менин эле эмес, Ош шарында жашаган элдин жинине тийди. Кайсы жерге барсаң эле бүт баары шайлоонун жыйынтыгына нааразы болуп жатышат", - дешти митингге чыккандар.
11-апрелде өткөн шайлоодо Ош шаарында добуштардын көпчүлүгүн "Ата-Журт Кыргызстан" партиясы алган.