20-апрелде өлкө башчы Садыр Жапаров электр энергиясына болгон жаңы бааны сунуштаган. Социалдык тармактын айрым колдонуучулары бул сунушту талкууга алып сындашкан. Бүгүн болсо энергетика жана өнөр жай министри Кубанычбек Турдубаев маалымат жыйын берип, өлкөдө электр энергиясына болгон 0.77 сомдук тариф дүйнө жүзүндө жок экендигин айтты. Ошону менен катар эле электр энергиясына болгон маселе өтө оор экенин белгиледи.
Мындан улам SUPER.KG порталы "Өлкө башчы Садыр Жапаров электр энергиясына болгон жаңы тарифти сунуштады. Бул боюнча сиздин көз карашыңыз кандай?" деген собол салды.
Жогорку Кеңештин депутаты Кожобек Рыспаев электр энергияга болгон жаңы тарифтен эл кыйналып кала турганын белгиледи.
"Бул деген көп сөз. Сунуш туура эмес. Электр энергиясына болгон тарифти 1 сом 48 тыйын, аз камсыз болгон үй-бүлөлөр үчүн төлөмдү 74 тыйын деп айтып жатышат. Бул туура эмес тариф, кымбат. Көмүр кымбат болуп кетсе электр энергияны көпчүлүк колдонуп баштайт. Эл кыйналып калат", - дейт Рыспаев.