Кытайда жол кырсыгынан каза болгон 22 жаштагы кыргыз студентинин сөөгү мекенине алып келинди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 23-апрель күнү эртең менен жол кырсыгынын кесепетинен каза болгон 1999-жылы туулган Бексултан Шадыкановдун сөөгү Кытайдан өлкөгө жеткирилип, андан ары жерге берүү үчүн туугандарына өткөрүп берилди.
"Кыргыз Республикасынын Пекиндеги элчилиги тарабынан тиешелүү консулдук-укуктук жардам, ошондой эле маркумдун сөөгүн өлкөгө жөнөтүүгө байланыштуу башка зарыл жардам көрсөтүлдү, ал процедура карантиндик чектөөлөр шартында жана түз эл аралык аба каттамдар болбогон учурда ишке ашырылды", - деп жазылат маалыматта.