Биз социалдык тармакта

Бүгүн Токтогул суу сактагычында суунун агып киргени азайып, чыкканы көбөйдү

Бүгүн, 23-апрелге карата Токтогул суу сактагычында суунун агып киргени кечээ күнкүгө салыштырмалуу бир аз азайса, агып чыкканы кыйла көбөйдү. Бул тууралуу "Электр станциялары" ачык акционердик коомунун басма сөз кызматынан билдиришти.

"Бүгүн, 23-апрелге карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 8 миллиард 648 миллион метр кубду түздү. Суунун орточо күндүк агып кириши секундасына 456 (кечээ 463) метр куб, агып чыгышы 410 (кечээ 371) метр кубду түзүүдө", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.

Кечээ, 22-апрелде суу сактагычта 8 миллиард 644 миллион метр куб суу бар болчу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Kuban-1207
2021-04-23 09:54:51
Бир туруп эле көбөйдү дейсиңер бир туруп азайды дейсиңер элди көк мее кылдыңар
+4
Baatirbek81
2021-04-23 16:16:57
Kuban-1207,аба ырайына жараша болот күн ысыса суу көбөйөт!
0
bek.94
2021-04-23 10:47:07
Дагы сатып баштаган окшойтта
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан