Каракол-Эңилчек унаа жолунун 48-чакырымына кар көчкү түшкөндүгүнө байланыштуу аталган жол 25-апрелге чейин жабылат. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
"Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда 22-апрель күнү саат 15:00 чамасында Каракол-Эңилчек унаа жолунун 48-чакырымына кар көчкү түшкөн. Унаа жол учурда жабык. Бүгүн аталган жерде тазалоо иштери жүргүзүлүүдө. Жол убактылуу 25-апрелге чейин жабылат", - деп айтылат маалыматта.