Биз социалдык тармакта

Чек ара: Кемпир-Абад суу сактагычына Кыргыз жарандары түнөп жатат (видео)

Ош облусунун Өзгөн районундагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жанынан 50 гектар жердин Өзбекстанга берилишине нааразы болгондор суу сактагычтын жанына боз үй тигип, түнөп жатышат. Мындай маалыматты суу сактагычта жүргөндөр социалдык тармактарга жүктөдү.

"Кемпир-Абаддын жээгинде балдар түнөп жатышат. Желектерди илип, унаалар дагы келип жатат", - деди суу сактагычтын берилишине нааразы болгон активист.

Жергиликтүү тургундар нааразычылыгын буга чейин дагы билдиришкен. Алар УКМКнын башчысы, өзбек-кыргыз сүйлөшүүлөрү боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын башчысы Камчыбек Ташиевге кайрылуу жасап, Өзбекстан менен жер алмашуу протоколу жокко чыгарылышын талап кылып, митинг өткөрүшкөн.

Кийинчерээк УКМКнын башчысы Кемпир-Абадга барып, митингчилер менен жолугушкан.

Кемпир-Абадга митингге чыккандар түнөп жатышат
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Dembele84
2021-04-23 11:56:09
Молодцы!
+10
asefsa
2021-04-23 12:16:03
Азаматтар!
+9
bond
2021-04-23 12:54:33
Элге чын кабарды бергиле суу турган жерди дагы берип жатпайбы элик гектар деп алдабай. Суу турган жер өтө чоң миңдеген гектар.
+7
mira28
2021-04-24 01:36:21
Чептен эрдин кучу бек.Куч кубат берсин кыргызымдын жигиттерине.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан