Биз социалдык тармакта

Чек ара: "Комиссия мүчөлөрү келди". Кемпир-Абадда митинг өтүүдө

Бүгүн, 23-апрелде Ош облусунун Өзгөн районундагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жанынан 50 гектар жердин Өзбекстанга берилишине нааразы болгондор митинг өткөрүшүүдө.

Митингге болжол менен 100дөй адам катышууда. Ал ортодо митингге өзбек-кыргыз сүйлөшүүлөрү боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын мүчөлөрү, айыл өкмөттөр келишти. Жергиликтүү тургундар Өзбекстан бере турган жер таштак, тоолуу жер экенин айтып, суу сактагычты бербей тургандыгын айтышты. Учурда митинг уланып жатат.

Жергиликтүү тургундар нааразычылыгын буга чейин дагы билдиришкен. Алар УКМКнын башчысы, өзбек-кыргыз сүйлөшүүлөрү боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын башчысы Камчыбек Ташиевге кайрылуу жасап, Өзбекстан менен жер алмашуу протоколу жокко чыгарылышын талап кылып, митинг өткөрүшкөн.

Кийинчерээк УКМКнын башчысы Кемпир-Абадга барып, митингчилер менен жолугушкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
bond02
2021-04-23 13:47:29
Бербегиле туугандар, Садырдын фанаттарындай даканса тургула. Суу омур булагы, Кемпир-Абад туштуктун Ысык колу.
+9
Gulina90
2021-04-23 13:49:39
Туура,бербеш кк биздин бейиштей жерди таштак жерге алмаштырбаш кк.Мен кыргызмвн дегендин баары каршы болушубуз кк.
+8
mira28
2021-04-24 01:34:29
Ушундай кооз кыргыз жерин сатканга кантип барды.Акмак адамдар экен Ташиеви да Садыры да.Дагы аны лямпичка дегенине олосунбу.Келбей жатып сатып баштады лямпичка эмес эле кара булут экен.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан