Бүгүн, 23-апрелде Ош облусунун Өзгөн районундагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жанынан 50 гектар жердин Өзбекстанга берилишине нааразыбыз дегендер митинг өткөрүшүүдө.
"Кемпир-Абаддан 20 гектар жерди беребиз деген бул акылсыз кишинин сөзү. Бул жер бриллианттан дагы кымбат жер. Кемпир-Абаддын ордуна Ташкент шаарын берсе дагы албайбыз. Себеби бул жерде биздин ата-бабаларыбыздын изи калган", - деди митингге чыккан жаран.
Учурда митинг уланууда.