Биз социалдык тармакта

Ош шаарынын мэриясы асфальт чыгаруучу завод курат

Ош шаарынын мэриясы асфальт чыгаруучу завод курат. Бул тууралуу Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов Алиев көчөсүнүн абалы менен таанышуу учурунда журналисттерге билдирди.
Заводду куруу иштери кийинки жылга пландалууда.
“Муниципалдык ишканаларга техникаларды алып берип жатабыз. Быйыл шаардык жолдор башкармалыгына асфальт төшөөгө керектүү жаңы техникаларды алып бердик. Бирок каражаттар асфальтка кетип калат экен. Ошондуктан кийинки жылы өзүбүз асфальт чыгаруучу завод куралы деп чечтик. Бүгүнкү күндө сүйлөшүү иштери жүрүп жатат. Шаардагы жол куруу ишканасын жандандырып, жумушчулардын да айлык акысын көтөрөлү деп жатабыз. Чынын айтканда, Ош шаарында негизги да, ички да жолдордун абалы начар. Быйыл 10 чакырымга жакын ички жолдорду асфальттайбыз”, - деди шаар мэри.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Dembele84
2021-04-23 14:12:43
Эн сонун жанылык.Куруп буткон сон жолдорду ондоп,знак и разметкаларды чийип койсонор шаар коркуно мындан да сулуу болуп келип калмак!
+5
Chungyz
2021-04-23 14:20:48
Абалы начар эмес эле тугонгон жолдор болбой калган
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан