Биз социалдык тармакта

Кемпир-Абад: Митингчилер суу сактагычка президенттин, саясатчылардын келишин талап кылды. Кайсы саясатчыларды?

Бүгүн, 23-апрелде Ош облусунун Өзгөн районундагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жанынан 50 гектар жердин Өзбекстанга берилишине нааразы болгондор митинг өткөрүшүүдө.

Анда митингчилер Кемпир-Абад суу сактагычына президент Садыр Жапаровдун, саясатчылар Адахан Мадумаров, Жеңиш Молдокматов, генерал-лейтенант Исмаил Исаковдун жана Жогорку Кеңештин депутаттарынын келишин талап кылышты.

"Президент бизден добуш алып шайланган. Ошондуктан Кемпир-Абадга Садыр Жапаровдун дагы келишин талап кылабыз. Келсин. 28-апрель күнү митинг уланат", - деди митингдин алып баруучусу.

Жергиликтүү тургундар нааразычылыгын буга чейин дагы билдиришкен. Алар УКМКнын башчысы, өзбек-кыргыз сүйлөшүүлөрү боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын башчысы Камчыбек Ташиевге кайрылуу жасап, Өзбекстан менен жер алмашуу протоколу жокко чыгарылышын талап кылып, митинг өткөрүшкөн.

Кийинчерээк УКМКнын башчысы Кемпир-Абадга барып, митингчилер менен жолугушкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (13)
Dembele84
2021-04-23 14:53:44
До конца тургула азаматсынар!Ою жок бийликтегилерге унчукпаса оз каалаганын кылып жатышат!
+12
bayern-munchen
2021-04-23 15:13:05
ушул митинге чыгып жаткандар деле бир саясатчынын оюнчугу болуп жаткандай ондонот неге дегенде Усубалиевдин тушунан баштап ушул убакка чейин эч ким соз ачпаган жана бул жерлерди Озбекстан колдонуп келген эми чечели деп Ташиев жерлерди алмашуу менен чек ара чырын чечкени жатканда чурулдап чыгып жатат эмне учун Соке олтурганда ушинтип чыкпадынар Атамбаев алкаш олтурганда дагы эч ким чыкпаган эми чечилгени калганда принципке турганынар кандай тушунсо болот
-12
mariolan
2021-04-23 15:29:01
bayern-munchen,колдонуп келгени чын, эми болсо биротоло бизге бергиле деп жатат, ордуна таштак ыңгайсыз жерден бергени жатат, сууну толук көзөмөлдөгүлорү келип атат, бул жер талаш жер эмес болчу, эмнеге алмашышыбыз керек, талаш жерге талаш жер алмашылат, ушуну алдагы пустой башыңа сактап кой
+10
Jigit25
2021-04-23 16:02:10
bayern-munchen,тушунсон жазчы
+13
Janibek1970
2021-04-23 16:52:01
bayern-munchen,сен озбек тууган окшойсун.
Бирдемкени тушунуп туруп жазсан. Куршап озгонго чейин жер отуп кетип атат
+11
bayern-munchen
2021-04-23 17:14:13
Janibek1970,мен озбек эмесмин кыргызмын Фуркаттык кыргызмын эгер билсен
-7
jigit.paren
2021-04-23 16:46:36
Эми Кемпир абаддагы 20 гектар жерди берип бөлөк жерден алалы дегени Кыргызстандын бөлөк жериндеги чырлуу чек араларды чечип жатышат, бир эле ошол жерди ойлонбостон бүткүл кыргыз элин ойлойлу да Баткен жактагы чек аралардын 8000 гектар жер алып жатышат жалгыз эле Кемпир абаддагы маселе эмес да бул жерде. Туура түшүнүү менен кабыл алалы кыргыз элим. Сууну ансыз деле өзбектер пайдаланып келишкен да сууну биз кантип пайдаланабыз өйдө карай агызабызбы?
-8
mariolan
2021-04-23 16:52:44
jigit.paren,мээңдин жеткени ошол болдубу, өзбек эч качан алдаткан эмес, ушуну алдагы тоок мээңе түйүп ал
+8
bayern-munchen
2021-04-23 17:09:18
mariolan,ото эле гений боло бербечи
-8
Mister-XXX
2021-04-24 06:36:20
jigit.paren,Сууну пайдалана берсин,каршылык жок.Жерлерди алабыз деп жатат.
+1
Kombi
2021-04-23 17:19:23
Стратегиялык объект ал жер. Согуш чыкса керек болот.
+8
Aiymkan89
2021-04-23 18:07:16
Ооо кыйындар! эки экинден кырылбай ошол жерге митингке барбайсынарбы кыйын экенсинер. Калп эле бул жакта урушпай, уят кыргыздар
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан