Биз социалдык тармакта

26-апрелде Бишкектин бир районунда таза суу өчүрүлөт

26-апрель күнү Бишкек шаарынын айрым көчөлөрүндө убактылуу таза суу берүү токтотулат. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан кабарлашты.

"Жайкы мезгилге даярдануу үчүн 26-апрель күнү саат 09:00дөн кечки 20:00гө чейин чейин Белинский суу алуучу жайында жана шаардык суу түтүктөрүндө техникалык оңдоо иштерине байланыштуу Фрунзе, Күреңкеев, Абдрахманов жана Жаш Гвардия бульварында таза суу берүү токтотулат", - деп билдиришти мэриядан.

"Бишкек суу канал" ишканасы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана шаар тургундарынан, мекемелерден ичүүчү сууну камдап алууну өтүнөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан