Биз социалдык тармакта

Орусияда мыйзамсыз жүргөн мигранттарга 15-июнга чейин каттоого туруу мүмкүнчүлүгү түзүлдү

Биринчи вице-премьер-министр Артём Новиков Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү менен кыргыз мигранттарынын Орусиянын аймагында жүрүү маселеси боюнча жолугушуу өткөрдү.

Анда 21-апрелде Орусия өкмөтүнүн төрагасынын орун басары Алексей Оверчук менен жолугушуунун жүрүшүндө Орус тарап 15-июнга чейин административдик чара колдонбостон жана Орусиянын аймагынан тышкары чыгаруу зарылдыгысыз (өлкөгө кирип, чыгуу) чет элдик жарандардын укуктук макамын тариздөөнү жүргүзүү мүмкүндүгү тууралуу маалымдаган.

"Биздин жарандарды депортациялоого байланыштуу тобокелдиктерди четтетүү максатында мамлекеттик органдар Кыргыз Республикасынын Орусиядагы элчилиги менен биргеликте комплекстүү ишти жүргүзүүсү зарыл.

Орусия эмгек мигранттарынын укугун чектөө боюнча эч кандай иш-аракеттерди жүргүзбөйт, бирок мигранттар өз кезегинде расмий абалын тастыктап коюусу зарыл. Аталган багыт боюнча иш-аракеттин так алгоритмин иштеп чыгуу керек", - деп белгиледи Новиков.

Ошондой эле Артём Новиков белгилегендей, мигранттар арасында маалыматтык түшүндүрүү иши күчөтүлүшү керек.

"Жалпы диаспора өкүлдөрүн ишке тартуу керек. Ар бир мигрантка жеке статусун тастыктоосу зарыл экендигин жеткирүү зарыл".

Эскерте кетсек, Орусиянын Ички иштер министрлиги федерациянын аймагында мыйзамсыз жүргөн мигранттарга административдик жоопкерчилик чараларынан тыш болуу максатында өзүнүн укуктук статусун жөнгө салуу талабы менен кайрылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
MAKALAK
2021-04-23 20:18:28
Алдап чакырып департаментинин кылып атат го
-6
Belek1710
2021-04-23 22:21:16
MAKALAK,Департаментинин кылып атат деген эмне?
0
futboler
2021-04-24 00:31:06
Belek1710, ал деген макалактан макалё, сексалю.
0
MAKALAK
2021-04-24 07:50:41
futboler,ээ чмо департация ошондой жазылып калыптыр
-1
zhunusali
2021-04-24 03:03:49
Бирок бул нерсе Кыргыз жарандарына эч кандай тийешеси жок.Себеби биздин жарандардын полноту 1-марттан буткон.Эми барган болсонор очойгон штраф же депортация
+1
Asmat84
2021-04-24 03:26:56
Негизи ушул Артёмду премьер министр кылыш керек эле орус болсо да кыргыз үчүн көптөгөн жакшы иштерди жасап атат молодец Новиков келечегиң кең сенин буюрса ушул темп менен кетсең,башка биздин киргиздерге сабак болуп
+2
ahad
2021-04-24 05:32:41
Депортация кылып жата Тюменьде кундо
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан