Биз социалдык тармакта

Жомок окуп берди. Билим берүү министри көзү азиздер мектеп-интернатындагы балдардан кабар алганы барды

Билим берүү жана илим министрлиги Бүткүл дүйнөлүк китеп жана автордук укук күнүнө арналган "Балдарга окуп беребиз" акциясын баштады. Бул тууралуу SUPER.KG порталына билим берүү жана илим министринин жардамчысы Илгиз Султан билдирди.

Бул акциянын алкагында бүгүн билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев Бишкек шаарындагы көзү азиз жана начар көргөн балдар үчүн атайын жалпы билим берүүчү мектеп-интернатка барып, анын жамааты менен баарлашты. Андан соң ал мектеп-интернатта тарбияланып жаткан балдарга "Таттуу алма" жомогун окуп берип, колдон колго өтүп саякаттай турган балдар адабияты салынган баштыкча жана ноутбук белек кылды.

Белгилей кетсек, аталган мектеп-интернатта республиканын бардык аймактарынан келген 222 окуучу билим алууда. Алардын ичинен 123 окуучу – Брайл системи боюнча окуп жаткан көзү начар көргөндөр, 99 окуучу – көзү азиздер.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
TIMON_BERKOWITZ
2021-04-23 23:38:45
Жомогун баары жатка билет! Илгери илгери Өзгөн району Баткенге барыптыр))
+4
futboler
2021-04-24 00:27:22
Биздин чоңдордун ар бир сөзү жомок)))
Бирок барып кабар алып келгенине рахмат.
+2
Erlan_95
2021-04-24 01:14:29
Ии))) так мило)))
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан