Биз социалдык тармакта

Президент да катышып кол чаап отурду. Бишкекте Болот Миңжылкыевдин 80 жылдыгы салтанаттуу белгиленди

Бишкекте белгилүү опера ырчысы Болот Миңжылкыевдин 80 жылдыгы белгиленди. Салтанаттуу иш-чара бүгүн, 23-апрелде Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында орун алды.

Театрдын холлунда Болот Миңжылкыевдин өмүрү жана чыгармачылыгы жөнүндө көргөзмө уюштурулуп, өлкө башчы Садыр Жапаров аталган көргөзмө менен таанышып чыкты.

Иш-чаранын жүрүшүндө белгилүү опера ырчысынын чыгармачылык жолу жөнүндө "Дүйнөнү дүңгүрөткөн бас" даректүү тасмасы көрсөтүлдү.

Президент Садыр Жапаров куттуктоо сөзүн сүйлөп, көрүнүктүү талант, операнын корифейи Болот Миңжылкыевдин кыргыз искусствосуна кошкон эбегейсиз салымын белгиледи.

Андан соң Болот Миңжылкыев атындагы IV Эл аралык опера искусство фестивалынын гала-концерти болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Belek1710
2021-04-24 01:24:16
Эл чаап атса чаппай коймок беле чабат да концертке барганда.
+1
Tyty1990
2021-04-24 04:26:19
Бул деле кыйратпайт окшойт
+2
Gabiku
2021-04-24 17:24:48
Tyty1990,+ басам деп - басып алдым. Туура айтасыз, хоть Жээнбеков да эчнерсе кылган эмес болсо да мынчалык кымбатчылык болбоду эле
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан