Биз социалдык тармакта

Өлкөдө унааларды кайра каттоонун баасы качан арзандай турганы белгилүү болду

1-июндан тартып Кыргыз өлкөсүндө унааларды кайра каттоодон өткөрүү кызматы арзандайт. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришти.
Белгилүү болгондой, унааларды кайра каттоо боюнча улуттук кампания 1-июндан баштап ушул жылдын 31-декабрына чейин уланат. Тиешелүү буйрукка премьер-министр Улукбек Марипов кол койду.
Унааны кайра каттоонун баасын төмөндөтүү - убактылуу акция. Өкмөт бардык транспорт каражаттарынын ээлерин жеңилдетилген кайра каттоодон пайдаланууну жана автоунааларын өздөрүнө каттатып алууга чакырат. Бул келечекте бир катар талаштуу жагдайлардан жана айып пулдарды алуу учурунда келип чыгуучу түшүнбөстүктөрдөн алыс болууга жардам берет.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Asmat84
2021-04-24 03:10:02
Айып пулдар качан арзандайт Улук
+2
Asmat84
2021-04-24 03:18:29
Чынын айтсам аябай кыйнады ушул камералар такси кылып иштейм күнүнө керээли кечке жүрүп ичпей жебей 700 800 акча табам бир барган жерге 10 барып. Канча абайласан деле илешип калат экенсиң. Анын үстүнө жол чийиндери да стандартка жооп бербейт экен
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан