Динара Руслан премьер-министрдин коомдук башталыштагы кеңешчиси болуп дайындалды

Өкмөт башчы Улукбек Мариповго коомдук башталыштагы кеңешчи болуп Динара Руслан дайындалды. Маалыматты өкмөттөн кабарлашты.

"Премьер-министр Улукбек Марипов кол койгон бүйрукка ылайык, Динара Руслан премьер-министрдин коомдук башталыштагы кеңешчиси болуп дайындалды", - деп жазылат билдирүүдө.

Динара Руслан CodifyLab Academy программалоо жана Дизайн академиясынын негиздөөчүсү жана башкы директору. Ошондой эле Кыргыз программалык камсыздоону иштеп чыгуучулар жана тейлөө ассоциациясынын (КАРПОУ) башкармалыгынын төрайымы жана мүчөсү болуп саналат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан