Биз социалдык тармакта

Бишкектеги Өчпөс оттун жанынан гүлдөрдү үзгөндөр мас абалында кармалды

Бишкек шаарындагы Өчпөс оттун жанынан гүлдөрдү үзгөн жарандар кармалды. Бул тууралуу Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

"20-апрелде М.Р. аттуу жаран 18-апрелде Өчпөс оттон алыс эмес жерде Жеңиш аянтында жоогазын гүлдөрүн жулуп алган белгисиз адамдарга чара көрүү өтүнүчү менен кайрылган. Мындан тышкары 19-апрель күнү саат 01:00 чамасында Свердлов РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө Фрунзе жана Ибраимов көчөлөрүнүн кесилишине жакын жерде белгисиз адамдар тарабынан чалуу келип түшкөн. Анда А.Б аттуу жаранга күч колдонуп 4 миң сомдук уюлдук телефонун жана 750 сом өлчөмүндөгү акча каражатын алып, белгисиз тарапка качып кеткендигин билдиришкен", - деп жазылат билдирүүдө.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 201-берененин негизинде ("каракчылык") катталып, кылмышка шектүү катары 1997-жылы төрөлгөн К.А. жана 1994-жылы төрөлгөн А.С. аттуу жарандар мас абалында кармалган.

Свердлов райондук соту шектүүлөргө карата эки айлык мөөнөткө камакка алуу чечимин чыгарган. Учурда тергөө иштери уланып жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Ozgocho111
2021-04-24 12:57:52
Тарбиясыздар,орозо оозум менен жаман создорду жазбайын дедим, кудайым ыйман берсин силерге
+3
Zarema11
2021-04-24 15:57:55
Ичпей өла . Жөн ичпестен адам мээнетин тепселеген арсыздар.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан