Бүгүн, 24-апрелде Ош шаарында ишембилик өтүп жатат жана ага шаарга келген 200дөй дааватчы катышты. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.
"Ош шаарында жалпы шаардык ишембилик өтүп жатат. Ыктыярдуу ишембиликке шаардагы бардык мечиттерден 200 дааватчы катышты. Алар А.Навои сейил багы менен Абдыкадыров көчөсүндөгү көпүрөнүн ортосундагы аралыктан таштандыларды чогултуп, сугат арыктарын тазалоо иштерин жүргүзүштү", - деп билдиришти мэриядан.
Дааватчы өкүлдөрүнүн айтымында, ыйык Орозо айында алардын ар бири шаарды көрктөндүрүүгө жана жашылдандырууга салым кошууну өздөрүнүн милдети деп эсептешет.