Биз социалдык тармакта

УКМК: "Баткенде эки өспүрүмдүн жоголушу боюнча тажик тарап менен жолугушуу өтүп жатат"

Бүгүн, 24-апрелде Баткен облусундагы Лейлек районунун Бешкент айылынын эки тургунун Тажикстандын жоокерлери түнү менен уктап жаткан жеринен алып кетти деген окуя боюнча учурда тажик тарап менен сүйлөшүү жүрүүдө. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

"Бул маалыматты тактоо максатында Лейлек участкасы боюнча Кыргыз өлкөсүнүн жана Ганчи участкасы боюнча Тажикстандын чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусу өтүп жатат", - деп билдиришти УКМКдан.

Буга чейин Лейлек районунун Бешкент айылынын эки тургунун Тажикстандын жоокерлери түнү менен уктап жаткан жеринен алып кетти деген видео социалдык тармактарга тараган. Дайынсыз болуп жаткан балдардын биринин энеси Махабат Ашрапова SUPER.KG порталына балдарынын жоголушу боюнча билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Aibek_eka
2021-04-24 14:34:51
Тажикстанга бензин солярка ташыгандарды иттей кылып атып салгыла алар контрабанда эле эмес чыкквнчылык да кылып жатышат
+6
kg627
2021-04-24 16:10:12
УКМКга к...... м
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан