Жантөрө Сатыбалдиев Кытайдын Кыргызстандагы элчисин кабыл алды
Кыргыз Республикасынын премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев 18-октябрда Кытай Эл Республикасынын Кыргызстандагы элчиси Ци Даюйду кабыл алды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти. Түндүк-Түштүк альтернативдик жолунун курулушу кийинки жылы башталарын айтып: "Азыркы тапта "Талды-Булак - Левобережный" кениндеги курулуш иштери кызуу жүрүп жатат. "Иштамберди" кениндеги иштер кайрадан башталды. Жакынкы күндөрдө Кара-Балтадагы мунай заводунун ишке берилиши күтүлүүдө. Биз кытайлык инвесторлорду айыл чарба, энергетика, коммуникация, транспорт тармагында кызматташып, өнөр жай аймагын түзүүгө чакырабыз",- деди ал. Ци Даюй КЭРдин өкмөтү Кыргызстандын экономикасынын өнүгүшүнө керектүү жардам көрсөтөрүн айтты.