Кадамжайдагы Шамбесай алтын изилдөө компаниясы боюнча маселе жогорку деңгээде талкууланат

Кадамжай районунда коомдук саясий абал туруктуу. Майдан айылынын жашоочуларынын митинги аягына чыкты. Ал эми Шамбесай алтын изилдөө компаниясы боюнча маселе жогорку деңгээде талкууланат. Бул тууралуу 19-октябрда өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлү Жеңиш Разаков билдирди. “Жергиликтүү жашоочулар экологияга терс таасирин тийгизет деген негизде кен иштетүү компаниясынын иштешине каршы чыгып жатышат. Аталган компания эч кандай жабдык, тетиктерин алып кире элек. Кечээ бульдозер алып киргени жатышкан, кайра чыгарылды. Бул маселе жогорку деңгээлде чечилет. Компания Мамгеология агенттиги жана тиешелүү органдар менен маселени чечет”,- деди ал. 
Эске салсак, окуя 18-октябрда саат 10:00дө Кадамжай районунун Майдан айыл аймагынын Шамбесай участкасында жайгашкан австралиялык Z-Exploer алтын изилдөө компаниясынын техникаларын аталган участкага киргизилери жөнүндө уккан Майдан айылынын тургундары жолго таштарды тизишип, жолду тосуп коюшкандан башталган. Чогулган эл «Z-Exploer компаниясынын техникаларын аталган участкага киргизбейбиз, биз алардын иштешине толугу менен каршыбыз» деп нааразычылык билдиришкен. Кадамжай районунун Майдан айыл аймагынын Шамбесай участкасында орун алган окуяга укуктук-юридикалык баа берүү боюнча Баткен облустук прокуратуранын тергөө бөлүмү иш алып барууда. Окуя болгон жерге жергиликтүү бийлик органдарынын жетекчилери, күч органдарынын башчылары калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, адамдар таркай башташкан.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан