Алгач эле кайсы мыйзам долбоору дегенде референдум тууралуу мыйзам долбоорун көпчүлүк айтат. Жогорку Кеңеш Конституция жөнүндөгү мыйзам долбоору боюнча референдум дайындоо тууралуу документти 11-мартта дароо экинчи жана үчүнчү окууда кабыл алган. Аны 94 депутат колдоп, алтоосу каршы деп добуш беришкен.
Каршы добуш бергендер: Жанар Акаев, Дастан Бекешев, Бактыбек Жетигенов, Чынара Урумкалиева, Наталья Никитенко, Рыскелди Момбеков.
Мыйзам долбоорунун авторлорунун бири Бактыбек Турусбеков Конституциянын долбоору боюнча референдумду 11-апрелге белгилөө сунушталып жатканын айткан.
10-мартта референдум тууралуу мыйзам долбооруна добуш берилген эмес.
Буга чейин депутаттар добуш берүү процессинде бири-бири үчүн же келбеген эл өкүлдөрү үчүн добуш берип койгон учурлары далай ирет талкууга алынып келген. Ал тургай абактагы депутаттын ордуна дагы добуш бергендер болгон.
Мында маалымат каражаттарынын өкүлдөрү депутаттардын добуш берүүсүн тартууга даярданып жатышты.
Мыйзам долбоорунун авторлорунун бири Бактыбек Турусбеков Конституциянын долбоору боюнча референдумду 11-апрелге белгилөө сунушталып жатканын айткан.
Бул мыйзам долбоору боюнча талаш-тартыш жаралган.
Бирок акыр аягы мыйзам долбоору кабыл алынып, президент Садыр Жапаров кол коюп, 11-апрелде референдум дагы өттү.
Улукбек Мариповдун өкмөтүнүн жаңы курамын дагы колдоп беришкен.
Жаңы өкмөттүн курамы:
21-апрелде Жогорку Кеңеште Ысык-Көл облусуна казинолорду ачууга уруксат берген мыйзам долбоору биринчи окуудан колдоо тапкан.
"Макул" деп 68 депутат, "каршы" деп 23 эл өкүлү добуш берди.
Мыйзам долбоору биринчи окууда 8-апрелде каралып, добушка коюлбай жылдырылган.
Депутат Рыскелди Момбеков жана бир катар аталган мыйзам долбоорун өткөрүү үчүн түндө кээ бир депутаттарга телефон чалуулар болуп, коркутуу болгонун айткан.