Фотоальбом: Ырчы Асель Касымованын наристе, окуучу, буралган бийкеч жана белгилүү ырчы кези сүрөттөрдө

Бүгүн, 27-апрелде эстрада ырчысы Асель Касымованын туулган күнү. SUPER.KG порталы ырчыны туулган күнү менен куттуктап байланыштык. Ал туулган күнү кадимки күндөрдөй эле өтүп жатканын, убакыттын өтүшү менен өздүк майрамга көп деле маани берилбей каларын билдирди.

"Бирок түнкү саат 00:00дө эле жакындарым туулган күнүм менен куттуктап башташты. Маанайым жакшы", - деди ал.

Ырчынын туулган күнүнө карата ымыркай кезинен баштап ушул күнгө чейинки сүрөттөрүн топтодук.




Ырчы 1985-жылы 27-апрелде Ош облусунун Ош шаарында туулган. Ал үй-бүлөдө беш бир туугандын улуусу.


Ырчы 1-класстан 11-класска чейин Ош шаарындагы №17 Гагарин атындагы гимназия мектебинде билим алган.

Ырчы 2003-2007-жылдары Ош мамлекеттик университетинин искусство факультетин аяктаган.



Алгач 7-класста окуп жүргөндө "Кыз-Бурак" тобунда, андан соң 2005-жылдары "Элегия" тобунда ырдап келген.



2011-2012-жылдары жеке ырчы катары "Эркелеп" аттуу ыры менен эл оозуна алынган. Ал "Супер-Инфо" гезитинин тандоосу боюнча "2012-жылдын дебюту" наамынын ээси болгон.


Сахналаш достору менен кайрымдуулук иштери менен алектенип турушат.


Репертуарында "Сулуу жигит", "Жалгызым", "Бир сен үчүн" , "Менин сүйүүм, "Чын эле мен сени таптымбы" жана башка ырлары бар.
27-апрелдин жылнаамасы.
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Dembele84
2021-04-27 16:00:49
Асель куйоого тий эми
0
bond02
2021-04-27 16:08:24
Канча жашка толгонун айтпадыбы?
-3
Afrodita1993
2021-04-27 17:49:28
bond02, ырчы 1985 жылы 27 апрелде туулган деп туратго аңырандабай толук окуп анан комент жазбайсынбы! Сенде эле акыл ой жүгүртүү болгонсубай
+3
bond02
2021-04-27 19:04:46
Afrodita1993,сенден эч ким сураган жок, токой аралап кетчи.
-6
Afrodita1993
2021-04-27 20:28:23
bond02,суйук кылып чычып берем келип жеп кет
-4
zhazgul98
2021-04-27 20:05:57
Сулуу экен
+3
Mirnar
2021-04-28 03:48:45
Гагарин билими кучтуу мектеп, Асель эжекебиз билимдуу аял экенда...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан