Фотоальбом. Сахнада 12 жылдан бери жүргөн ырчы Омар кандай болуп өзгөрдү?

Бүгүн эстрада ырчысы, бир катар эл аралык сынактардын катышуучусу жана жеңүүчүсү Омар 32 жашка толду. 12 жылдан бери сахнада жүргөн ырчы мырзанын туулган күнүндө анын сүрөттөрүн топтодук. Бул убакыт аралыгында ырчы кандай өзгөргөнүн сүрөттөр айтып берсин.

Болочоктогу ырчы мырза бир тууган эжеси менен.

Омар 1988-жылдын 19-ноябрь күнү Бишкек шаарында жарык дүйнөгө келген. Ал 1995-жылы мектепке барып, ал эми 2007-жылы Бишкектеги Финансы техникумун, 2012-жылы КМУнун юридика факультетин бүткөн. Техникумда маданий иш-чараларга катышып жүрүп, “2006-жылдын алтын үнү” грамотасы менен сыйланган.

Өспүрүм кези (14-15 жашта).

Алгачкы жолу чоң сахнага Омар аттуу ысым менен 2008-жылы Мирбек Атабековдун концертинде чыгып, кыргыз эстрадасында өзүнүн чыгармачылык сапарын баштаган. Репертуарында кыргыз, орус, англис тилдериндеги ырлары бар.

2007-жыл

2008-жыл. Омар Юрмалада өткөн "Жаңы толкун" сынагында Алла Пугачёванын сыйлыгына татыган, "Супер-Инфо" гезитинин тандоосу боюнча "2011-жылдын супер ырчы мырзасы" наамынын ээси болгон.
2009-жыл
2010-жыл
2011-жыл
2012-жыл
2013-жыл
2014-жыл
2016-жыл
2017-жыл. Дал ушул жылы ырчы Казакстандын Алматы шаарында болуп өткөн "Silk Way Star" эл аралык ыр сынагында ырчы биринчи орунду алган.
2018-жыл
2019-жыл

Ырчы сүйүктүүсү Диана айым менен 2017-жылдын 25-ноябрында баш кошуп, 2-декабрда үйлөнүү үлпөт тоюн өткөргөн. Түгөйлөр 2019-жылы 13-февралда кыздуу болушуп, Арууке деген ысым ыйгарган.

Учурда түгөйлөр үй-бүлөсүндө толуктоо күтүп жатышат.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
rola
2020-11-19 20:09:31
Соонун.Азамат жигитсин!
+2
Baktyluu_bolgum_kelet
2020-11-19 23:00:02
Кызы мынча ширин))
+1
Raihan0602
2020-11-20 10:25:05
Ак жол сага Омарчик
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан