Президент Садыр Жапаровдун айрым социалдык тармактардагы расмий баракчасы верификацияланды. Тиешелүү верификация белгилери өлкө башчысынын фейсбук жана инстаграм баракчаларында пайда болгонун көрүүгө болот.
Аталган социалдык тармактарда Садыр Жапаровдун атын алган ондогон баракчалар бар. Верификация белгиси коюлгандан кийин алардын кайсынысы расмий экендигин айырмалап билүүгө болот.