Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков 19-октябрда Оштун Алай районунда болду. Төрага менен жолугушууга келген тургундар таза суу, медициналык жана билим берүү мекемелерин куруу, ички жолдорду оңдоо, жеке турак жай куруу үчүн жер тилкелерин берүү сыяктуу маселелер боюнча арыз-муңдарын айтышты.
Жээнбеков мамлекеттик бардык органдарда коррупциялык көрүнүштөр узак жылдар бою өлкөдөгү ири көйгөйлөрдү чечүүгө тоскоол болуп келгенин айтты. Ушу тапта аймактардагы социалдык маселелерди чечүү колго алына баштаганын, ички жолдор оңдолуп жатканын кошумчалады төрага. Айта кетсек, төрага менен кошо бир катар ЖКнын депутаттары, саламаттыкты сактоо министри жана башкалар жүрүштү.
Төрага жергиликтүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрү жергиликтүү деңгээлдеги маселелерди чечүүдө ички мүмкүнчүлүктөрдү толук пайдаланып, ал ишке каржы донорлорун да тартуусу керектигин баса белгиледи. Ошону менен бирге, ал бул мекемелерди республикалык бюджеттен каржылоо маселесин караштырып көрүүгө убада берди.