Бүгүн парламент имаратынын жыйындар залында Жогорку Кеңештин кезектеги жыйыны өтөт.
Жыйындын күн тартибинин долбоору:
1. 2021-жылдын майына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ишинин календарлык планын бекитүү жөнүндө;
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Мамасадык Бакировдун ант берүүсү;
3. “1970-жылдын 1-июлунда Женева шаарында түзүлгөн, Эл аралык автомобилдик ташууларды ишке ашыруучу транспорт каражаттарынын экипаждарынын (ЕСТР) иштөөсү боюнча Европа макулдашуусуна Кыргыз Республикасынын кошулуусу жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (үчүнчү окууга киргизилет) (демилгечи – Өкмөт, 31.12.20дагы № 642 токтом) (Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитет);
4. “Жазык сот өндүрүшүнө катышуучулардын укуктарын коргоонун алкагында Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (үчүнчү окууга киргизилет) (демилгечи – Өкмөт, 31.12.19дагы № 735 токтом) (Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитет);
5. “Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (экинчи окууга киргизилет) (демилгечи – Өкмөт, 14.12.20дагы №604 токтом) (Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитет);
6. “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (экинчи окууга киргизилет) (демилгечилер – депутаттар Асылбаева Г.К., Осмонова А.Ш.) (Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитет);
7. Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө”, “Акционердик коомдор жөнүндө” мыйзамдарга) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобун түзүү жөнүндө” Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору (мыйзам долбоорунун демилгечилери – депутаттар Асылбаева Г.К., Сыдыков Б.У., Айдаров С.А., Турсунбаев А.А., Бекешев Д.Д., Тиллаев Т.Г., Абжалиев А.Т., Жээнбеков А.Ш.) (Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитет);
8. “Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген “Кыргыз Республикасынын Турак жай кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобун түзүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 26-ноябрындагы № 4190-VI токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору (мыйзам долбоорунун демилгечилери – депутаттар Аманкулов М.А., Бекешев Д.Д., Мавлянова М.Э., Эргешов А.М., Жунус уулу Алтынбек, Аттокуров Д.Б., Джураев С.М., Баймуратов К.Ш., Жунус уулу Адыл, Момбеков Р.Ч., Ормонов У.З., Сыдыков Б.У., Конушбаев Т.К., Жумалиев К.М., Исаев Ж.Б., Тотонов Н.Т., Жеенчороев М.К., Строкова Е.Г.) (Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитет);
9. “Биринчи зарылчылыктагы тамак-аш азыктарына бааларды турукташтыруу боюнча, ошондой эле кыргыз-кытай чек арасында жүк ташуу менен байланышкан кырдаал жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан көрүлүп жаткан чаралар тууралуу” Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору (Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитет);
10. “2021-2025-жылдарга Кыргыз Республикасынын өзгөчө статуска ээ болгон айрым чек арага чектеш аймактарынын коопсуздугун камсыздоо жана социалдык-экономикалык өнүктүрүү боюнча Мамлекеттик программаны бекитүү жөнүндө” Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору (демилгечи – Өкмөт, 20.01.21деги № 9 токтом) (Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитет, Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитет, Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитет, Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитет, Бюджет жана финансы боюнча комитет).