БШКнын өкүлү: "Протоколдор толугу менен келгенден соң 1-2 күндүн ичинде шайлоо жана референдумдун расмий жыйынтыгы чыгат"

40ка жакын аймактык шайлоо комиссияларынан протоколдор келип түштү. Бул тууралуу бүгүн, 28-апрелде SUPER.KG порталына Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов билдирди.

"Жалпы 54 аймактык шайлоо комиссиясы бар. 40ка жакын аймактык шайлоо комиссияларынан протоколдор келип түштү. Бардыгы 1-2 күндүн ичинде келип калат. Алардан кабыл алгандан кийин расмий жыйынтык 1-2 күндөн кийин чыгат", - дейт ал.

11-апрелде жергиликтүү кеңештерге шайлоо жана референдум өткөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан