Жогорку Кеңештин төрагасы 18-19-октябрь күндөрү иш сапары менен Ош облусунда болду. "Парламенттик демократияны өнүктүрүү мамлекеттик башкаруунун ачык-айкын тутумун түзөт", - деди төрага Ош мамлекеттик университетиндеги жолугушууда.Ал парламенттик демократия өлкөнүн өнүгүшүнө жана коомдун тазаланышына алып келерин айтты.
"Парламенттик демократия, анын ичинде парламент айрым учурларда сынга кабылууда. Буга карабай Жогорку Кеңеш тарабынан өлкөдөгү бардык орчундуу маселелер ачык-айкын талкууланууда. Парламенттин ачык-айкындуулугунан улам, мамлекеттик органдардын иши көзөмөлгө алынуу менен, коррупция деңгээли акырындык менен төмөндөөрүнө ишенем",- деди Жээнбеков.
Төрага Кыргызстан парламенттик демократия жолунан кайтпай турганын билдирди. Ошондой эле өлкөнүн билим берүү тармагындагы ОшМУнун өзгөчө ордун баса белгиледи. Ал жакында Билимди жана окутуу усулдарын баалоо борбору тарабынан жүргүзүлгөн рейтингдик баалоо жыйынтыгында, Кыргызстандын эң алдынкы жогорку окуу жайларынын катарына кирүү менен, окуу жайдын 75 жылдыгын татыктуу тосуп жаткандыгын кошумчалады.