Депутат Таабалды Тиллаев өкмөт башчыны Жогорку Кеңешке чакырып, чек ара маселеси боюнча маалымат угууну сунуштады. Бул тууралуу ал бүгүн, 28-апрелде парламенттин жыйынында билдирди.
"Акыркы убактарда чек ара маселеси боюнча өкмөттүн комиссиясынын иштерин көрүп жатабыз. Өкмөт башчыны чакырып маалымат угалы. Бүгүн чек ара маселеси эртең кандай чечилет? Же чечилбей калдыбы? Чек арага жакын жайгашкан жерде жашаган жарандарыбыз келечекте кандай ниет, үмүт менен жашайт. Өкмөт кандай иштерди жасап жатканы боюнча маалымат угууну сунуштайбыз", - деди ал.