Бишкектин айрым райондорунда жаратылыш газын берүү токтотулат. Бул тууралуу бүгүн, 21-октябрда "Кыргыз газ" ишканасынын басма сөз кызматынан билдиришти. 21-23-октябрда "Аламүдүн" базарынын айланасы, Чоң Чүй каналы жана ГЭС-2нин айланасындагы газ түтүктөрүн оңдоо иштеринен улам жаратылыш газын берүү убактылуу токтотулат.