Президент: "Жаштарды эли-жерибиздин кызыкчылыгын алдыга койгон атуулдардан болууга чакырам"

"Биз мекенибизди сүйгөндө гана элибиз үчүн ак ниет кызмат кыла алабыз. Ошондуктан силерди эли-жерибиздин кызыкчылыгын алдыга койгон атуулдардан болууга чакырам", - деп президент Садыр Жапаров бүгүн, 28-апрелде билдирди. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Президент "Балдарга жана жаштарга ыңгайлуу шаар" сынагынын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземинде жана сынакка катышкан шаарлардан келген активдүү жаштар менен жолукту.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө жаштардын бүгүнкү күндөгү коомдогу ордуна токтолду.

"Кыргыз Республикасынын жаш жарандарын руханий-адептик жактан тарбиялоо жана өркүндөтүү өсүп келе жаткан муундун ата-бабалардын мурасына, тышкы дүйнө менен өз ара мамилелерине жана өз чечимдерине болгон жоопкерчиликтүү мамилесин калыптандырууга багытталууга тийиш. Анткени мындай тарбия жаш муунга адеп-ахлакты сиңирүү менен нарктуу инсанды, коомдун толук кандуу мүчөсүн, бекем үй-бүлөнү кура алган жоопкерчиликтүү жаранды калыптандырууга зор салымын кошот", - деди президент.

Ал маалыматтык технологиялар доорунда жаштарга туура багыт берүү керектигине, ушуга байланыштуу азыркы учурда жаштар өздөрүн күчтүү жана гүлдөп-өнүккөн өлкөнүн активдүү куруучулары катары сезиши үчүн алардын прогресске умтулуусун күчөтүү жана патриоттук сезимин өөрчүтүү зарылдыгына токтолду.

Ошондой эле мамлекет башчысынын сөзү боюнча, жаштардын позитивдүү өнүгүүсүн камсыз кылуу үчүн жаштар программаларынын чөйрөсүн кеңейтүү жана аларды коомдук түзүмдөрдүн кеңири тармагына тартуу талап кылынат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан