Орусияда Кыргызстанда өндүрүлгөн товарлардын көргөзмөсү өтөт
Орусиянын Москва шаарында 10-ноябрь күнү "Орусияга сүйүү менен" аттуу Кыргызстанда өндүрүлгөн товарлардын көргөзмөсү өтөт. Бул тууралуу Кыргызстандагы ишкерлердин бирикмесинен билдиришти. "Бүткүл орусиялык көргөзмө" борборунда өткөн иш-чарага дизайн, архитектура, консалтинг тармагында иш алып барган компаниялар жана товар өндүрүүчүлөр чакырылат.