Ажылык сапарга кеткен кыргызстандыктар келе башташты. Бул тууралуу Кыргызстандын диний башкармалыгынын өкүлү Жунус Саранов билдирди. Анын айтымында, Бишкекке кечээ "Жидда (Сауд Арабия) - Бишкек" рейси боюнча 200 кыргызстандык учуп келген. Ош шаарына эртең дагы ошончо сандагы жарандарыбыз учуп келмекчи. Ажылык боюнча акыркы рейс 5-ноябрга белгиленген.