Кара-Суу районунда акыркы суткада 7 өрт кырсыгы катталды

Өткөн суткада Ош облусунун Кара-Суу районунда 7 өрт кырсыгы катталды:

Шарк айылынын тургуну Д. Мусаевдин короосунда жыйылып турган 4 куб отунун жана анын айылдашы Н. Турсуновдун турак үйүнүн жана сарайынын чатырларын өрт жалмаган. Мындан сырткары ушул эле айылдын жашоочулары  Ш. Казиев менен  К. Байматовдун үйүнүн чатырлары да өрткө тушуккан. 

Отуз Адыр айылында 10 түк чөп өрткө кетсе,  Савай айыл өкмөтүнүн Ынтымак айылында Н. Сакибаевдин сарайын жана 5 тонна жыйылган чөбүн кызыл короз жалмап койгон. Келтирилген чыгымдарды эсептө жана өрттүн келип чыгуу себептери боюнча иликтөөлөр жүрүп жатат. 

Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан