Бүгүн, 28-апрелде 81 депутат саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиевдин кызмат ордун кароо боюнча сунушту колдоду.
Ал эми 8 депутат буга каршы добуш беришти.
Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитети Бейшеналиевдин ээлеген кызмат ордуна ылайыктуулугун кароо маселесин парламент отурумуна алып чыгуу боюнча комитеттин чечимин кабыл алган.