Кыргызстандын жарандары өлкөдөгү улуттар аралык мамиленин учурдагы абалына орто деген баа беришет. Муну КРнын Улуттук стратегиялык изилдөөлөр институтунун өкүлү Чолпон Чотаева 21-октябрда Бишкекте өткөн тегерек столдо айтты. Тегерек столдо улуттар аралык мамиле жана маалымат коопсуздугу талкууланып жатат.
Эксперттин айтымында, 2012-жылы аталган институт атайын иликтөө жүргүзүп чыкты. Максаты - этникалык мамилелердин турукташуусу үчүн зарыл болгон факторлорду аныктоо. Изилдөөгө Ош облусу, Жалал-Абад, Чүй, Ысык-Көл облустары жана Бишкек шаарындагы 16 жаштан жогорку 1000 жаран катышыптыр.
"Сурамжылоого катышкандардын көпчүлүгү улуттар аралык мамилелердин абалына орто деген баа беришти. Этникалык дискриминациянын негизги себептери деп социалдык экономикалык, тарыхый-маданий жана психологиялык көйгөйлөр аталды",- деди эксперт.